1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

66

ФББ(КТ)маг-1-25 тайпасынын магистранттары илимий темаларын тандашты

2025-жылдын 5-ноябрында кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын ФББ(КТ)маг-1-25 тайпасынын магистранттары өздөрүнүн магистрдик изилдөөлөрүнүн темаларын тандоо боюнча жыйын өткөрүштү. Иш-чара кыргыз тили жана адабияты багыты боюнча билим алып жаткан магистранттардын илимий-изилдөө иштеринин башаты болду.

Жыйында магистранттардын ар бири өзүнүн кызыккан темасы боюнча баяндама жасап, сунушталган илимий багыттар боюнча талкуулар уюштурулду. Темалар кыргыз тилинин учурдагы өнүгүү маселелерин, лингвистикалык изилдөөлөрдүн жаңы ыкмаларын, ошондой эле замандын талабына ылайык адабият таануу жаатындагы актуалдуу темаларды камтыды.

Иш-чарага кафедранын профессордук-окутуучулук курамы, кафедра башчысы жана магистранттардын илимий жетекчилери катышышты. Алар магистранттарга илимий изилдөөнү туура уюштуруу, теманы актуалдуулугу, илимий жаңычылдыгы жана практикалык мааниси жагынан негиздөө боюнча баалуу кеңештерди беришти.

Жыйындын жүрүшүндө жетекчилер тарабынан сунушталган темалар талкууланып, алардын илимий жетекчилери бекитилди. Мындай иш-чаралар магистранттардын илимий потенциалын өнүктүрүүгө, өз алдынча изилдөө жүргүзүү жөндөмүн чыңдоого жана кыргыз тилинин, адабиятынын өнүгүүсүнө салым кошууга багытталган.

Жыйынтыгында окутуучулар магистранттардын алдыдагы илимий иштерине ийгилик каалашып, а жаш изилдөөчүлөр келечектеги изилдөөлөрүн жогорку деңгээлде жүргүзүүгө даяр экендиктерин белгилешти