1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

64

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасында ата-энелер жыйыны болуп өттү

2025-жылдын 4-ноябрында филология институтунун кыргыз тили жана адабияты профилинин      Кт-1-25 тайпасындагы студенттердин ата-энелеринин чогулушу болуп өттү.  Жыйында филология институтунун директору доцент Ч.А. Асылбекова ата-энелерге окуу жай тууралуу маалымат берип, студенттердин сабакка жана коомдук иштерге катышуусу жөнүндө айтып өттү. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы доцент Г. К. Бакирова негизги билим берүү программасы менен тааныштырды. Студенттерге илимдин кадидаттары, илимдин докторлору билим берип жаткандыгын, алар үчүн окуу жайда абдан жакшы түзүлгөндүгүн, алардын сабакты жакшы өздөштүрүүсү алардын аракетинде экендигин айтып, студенттердин мыкты окушу үчүн ата-энелер да жакшы шарт түзүп берүү зарыл болушун кошумчалады. Кафедранын профессору И.Абдувалиев, доценти А.Оморовдор да окуу жайдын жетишкендиктери ж.б. тууралуу айтышты. Мыкты окуган студенттерди белгилеп өтүштү. 

Тайпанын куратору улуу окуутучу У.Т. Омурзакова ата-энелерге АВН системасы аркылуу кантип студенттердин сабакка катышуусу, жетшүүсү, жадыбалы, окуу акысынын төлөнгөндүгү тууралуу маалыматтары көрүп турууну көрсөтүп, түшүндүрүп берди. Жыйын ата-энелер тарабынан берилген суроолоруна жооп берүү,  каfлоо-тилектерди менен айтуу менен жыйынтыкталды.