1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

138

Улуттук илимдер акдемиясынадагы төрт китептин бет ачары

КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы адабият институту уюштурган Кыргыз Республикасынын билимине эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор Ибрагим Абдувалиевдин “Кыргыз тилинин морфологиясы”, “Кыргыз тилинин лексикологиясы”, “Аалам таануу ачкычы” жана “Курсташтар” аталышындагы жаңы окуу китептеринин бет ачары Улуттук илимдер академиясында болуп өттү.

Анда КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы адабият институтунун директору, академик  Абдылдажан Акматалиев сөз сүйлөп, Ибрагим Абдувалиев менен 1972-жылдан бери тааныш экенин, чогуу окуп, иштеп, бардык тепкичтерде чогуу келатканын, курсташтарынан көптөгөн филология илимдеринин докторлору чыкканын айтып, анын бул чыгып жаткан 4 китебинин кыргыз тилинин өнүгүүсүнө багытталганын, мурда жазган окумуштуулардын калпыс жактарын талдап чыкканын, оңдогонун, кошумчалаганын, алар таалим-тарбиялык, көркөм мазмундуу китептер болгонун баса белгиледи. 

Ошондой эле философтор, адабиятчылар, билим берүү тармагынын башка өкүлдөрү да катышты. И.Абдувалиевдин ишмердүүлүгү, жаңы чыккан китептери боюнча БГУнун доценти Айша Кармышакова, филология илимдеринин доктору, КМУнун профессору Гүлжамал Жаманкулова, философия илимдеринин доктору, А.Алтымышбаев атындагы философия институтунун бөлүм башчысы Өскөн Козубаев жана көптөгөн башка окумуштуулар да өз ойлорун ортого салышты. Ибрагим Абдувалиев – өмүрүнүн көбүн тил илимине жумшаган билгилүү окумуштуу.