1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

169

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасында окутуунун сапатын жогорулатууга арналган усулдук семинар

2025-жылдын 31-октябрында кыргыз тили жана адабияты кафедрасында окутуунун сапатын жогорулатууга багытталган методикалык жыйын болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты — заманбап педагогикалык технологияларды колдонуу аркылуу студенттердин билим деңгээлин жана окутуу процессинин натыйжалуулугун арттыруу.

Жыйында кафедранын окутуучулары Г.Каленбекова жана У.Омурзакова «Баалоонун түрлөрү жана технологиялары» темасында мазмундуу баяндама жасап, окутууда баалоонун критерийлерин туура аныктоонун, диагностикалык жана формативдик баалоонун өзгөчөлүктөрүн илимий негизде түшүндүрүштү. Алар мындан тышкары Wordwall жана Educaplay сыяктуу интерактивдүү методдорду колдонуу боюнча практикалык мисалдарды көрсөтүп беришти. Бул платформалардын жардамы менен окутуу процессин кызыктуу, динамикалуу жана студенттерди активдүү катыштыруучу формада уюштуруунун жолдору көрсөтүлдү.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө Г.Кудайкулова жана Имаралы кызы Назбийке «Баалоо боюнча презентацияларды даярдоодо санариптик платформаларды колдонуу» темасында семинар өткөрүштү. Алар Canva, Gamma жана Kahoot сыяктуу санариптик платформалардын мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, сабактын визуалдык сапатын жакшыртуунун, студенттердин баалоого болгон кызыгуусун арттыруунун инновациялык ыкмаларын түшүндүрүп беришти.

Методикалык жыйын кафедра мүчөлөрүнүн кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө болуп, заманбап билим берүү технологияларын окутуу процессине киргизүү багытында маанилүү кадам болду. Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар ортосунда тажрыйба алмашуу, жаңы методдорду апробациялоо жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга болгон мотивация күчөдү.