1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

122

Магистранттардын педагогикалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары

2025-жылдын 31-октябрь күнү “Б. Осмонов атындагы ЖАМУ” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин филология институтунда кыргыз тили жана адабияты адистигинин ФББ(КТ)маг-1-24 тайпасынын магистранттарынын илимий педагогикалык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.

Конференцияга кафедра башчы жана магистранттардын илимий жетекчилери катышышты. Иш-чаранын негизги максаты – магистранттардын илимий педагогикалык практика учурундагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо, алардын билим берүү процессиндеги жетишкендиктерин талдоо жана тажрыйба алмашуу болду.

Конференциянын жүрүшүндө ар бир магистрант өзүнүн илимий педагогикалык практикасынын отчётун сунуштап, практика өткөн мектептерде жана жогорку окуу жайларында сабак өтүүдө колдонгон окутуу ыкмалары, сабактын структурасы, окутуучулук жана илимий изилдөө иштери тууралуу кеңири баяндама жасады. Магистранттар практиканын жүрүшүндө методикалык иштелмелерди даярдап, илимий темалар боюнча анализ жүргүзүшүп, бир катар иштерди ийгиликтүү аткарышканын белгилешти.

Кафедранын илимий жетекчилери магистранттардын ишин жогору баалап, алардын жоопкерчиликтүү мамилесин, илимий ой жүгүртүүсүн жана педагогикалык чеберчилигин белгилешти. Ошондой эле келечекте окутуучулук жана изилдөөчүлүк ишмердүүлүктө ийгиликке жетүү үчүн бир катар сунуштар берилди.

Конференциянын жыйынтыгында магистранттар илимий педагогикалык практика учурунда алган билимдерин жана тажрыйбасын жыйынтыктап, өздөрүнүн кесиптик өнүгүүсүндө бул практиканын маанилүү роль ойной турганын баса белгилешти.

Иш-чара жылуу маанайда өтүп, магистранттардын илимий жана педагогикалык компетенцияларын өркүндөтүүдө маанилүү кадам болду.