1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

174

Улуттун уңгу жолу. “Кылым кыйырындагы кыргыз тили (Махмуд Кашкаринин сөздүгү жана азыркы кыргыз тили: тилдик байланыштар)” аттуу илимий семинар

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан 2025-жылдын 30-октябры күнү саат 15:00дө филология институтунун 304-окуу каанасындаКылым кыйырындагы кыргыз тили (М.Кашкаринин сөздүгү жана азыркы кыргыз тили: тилдик байланыштар)” деген темада илимий семинар өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты илимпоз Махмуд Кашкаринин “Дивану лугати түрк” аттуу дүйнөлүк мурастагы эң байыркы түрк сөздүгүнүн илимий баалуулугун, кыргыз тилинин калыптанышындагы ордун жана азыркы тил өнүгүүсү менен болгон байланышын талдоо болду.

Семинарды кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Г.К.Бакирова ачып, катышуучуларды куттуктоо сөзү менен тосуп алды. Ал кыргыз тилинин тарыхый өнүгүү жолуна кайрылуунун маанисине токтолуп, “Дивану лугати-т түрк” сыяктуу мурастар бүгүнкү тил илиминде гана эмес, улуттук аң-сезимдин бекемделишинде да маанилүү орун ээлерин белгиледи.

Андан соң мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча адис Ү.Т.Кайкиева куттуктоо сөзүн сүйлөп, тил – элдин руханий пайдубалы экенин, кыргыз тилинин улуу тарыхый тамыры Махмуд Кашкаринин эмгеги аркылуу дагы бир жолу айкындаларын белгиледи.

Семинардын кийинки бөлүгүндө төмөнкү окумуштуулар өз баяндамаларын жасашты:

  • Ф.и.д., профессор И.Абдувалиев“М.Кашкаринин ‘Дивану лугати түрк сөздүгүнүн табылышы жана жарыяланышы” аттуу баяндамасында сөздүктүн тарыхый ачылышы, анын дүйнөлүк түркологиядагы орду жана бүгүнкү күндө илимий жүгүртүүдөгү мааниси тууралуу кеңири маалымат берди.
  • Ф.и.к., доцент А.Оморов“М.Кашкарлыктын сөздүгү жана азыркы кыргыз тили” деген темада Кашкаринин тили менен азыркы кыргыз тилинин ортосундагы лексикалык жана грамматикалык байланыштарды талдап, кыргыз тилинин байыркы түрк уңгуларынан үзүлбөй келаткан өзгөчөлүктөрүн көрсөттү.
  • Улуу окутуучу А.Шерипбаев“Дивандагы макалдардын учурдагы дидактикалык мааниси” деген баяндамасында “Дивандын” макал-лакаптары аркылуу элдик акылмандыктын, моралдык-этикалык түшүнүктөрдүн бүгүнкү тарбиялык жана маданий баалуулугун талдады.

Иш-чаранын жүрүшүндө доцент А.Оморовдун кыргызчалаган бул эмгеги баса белгиленип, алкышка татыктуу болуп, алдыдагы жарыкка чыкчу котормосуна ийгилик каалашты. Аны менен катар коноктор жана студенттер арасында суроо-жооптор, пикир алмашуулар, жандуу талкуулар болуп өттү. Катышуучулар “Дивану лугати-т түрк” – бул түрк дүйнөсүнүн руханий энциклопедиясы экенин, анын мазмуну азыркы кыргыз тилинин өнүгүшүн илимий негизде терең түшүнүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Семинардын соңунда жыйынтык сөз кафедра башчысы Г.К.Бакирова тарабынан айтылып, ал илимий иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, катышуучуларга ыраазычылык билдирди. Бул илимий семинар кыргыз тилинин тарыхый мурастарын жаңы көз караштан изилдөөгө, тил илиминде байыркы жана азыркы мезгилди байланыштырган илимий көпүрөлөрдү чыңдоого багытталган маанилүү кадам катары бааланды.