1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

615

“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик”  деген темада тарбиялык саат

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын КТ-1-23 тайпасынын куратору ф.и.к., доцент Г.О. Кочорова  “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик”  деген темада тарбиялык саат өтүп, кеңири маалымат берди.

Ар бир элдин, ар бир коомдун тарыхында өзүнө гана таандык калыптанышынын жолу, өнүгүү баскычтары жана руханий уңгусу бар. “Уңгуу” деген сөздүн мааниси — “тамыр алуу, түптөлүү” дегенди билдирет. Демек, улуттун уңгуу жолу дегенде биз элдин тарыхый жаралуу процессин, бир улуттук аң-сезимге келүү жолун түшүнөбүз.

Улуттун уңгуу жолу — бул узак, татаал жана терең процесс. Ал бир күндө же бир кылымда эле пайда болбойт. Улут кылымдар бою тарых, тил, маданият, салт жана элдик биримдик аркылуу калыптанат. Эгер эл өзүнүн уңгусун — тилин, салтын, руханий мурасын сактай алса, анда ал улут ар дайым жашай берет. Бүгүнкү күндө ар бир кыргыз жаранынын милдети — улуттук уңгуну сактоо, өнүктүрүү жана кийинки муунга өткөрүү.

Кт-1-23- тайпасынын студенттери  Парпибаева Сайкал,  Кубанычбекова Бактынур, Азимбекова Айзат темага байланыштуу баяндамаларды окуп, слайд даярдашып, презентация жасашты.