1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

147

       "Тил тагдыры - эл тагдыры" аталышындагы дебат-сабагы

2025-жылдын 24-октябрында Манас шаарындагы №21 Ж.Болотов атындагы жалпы билим берүүчү орто мекетебинде мамлекеттик тилдин 3 айлыгынын алкагында аталган мектептини алдыңкы мугалими Д.Акматованын "Тил тагдыры - эл тагдыры" деген темадагы дебат-сабагы өтүп, ага байкоочу катары Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтундагы кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти А.Оморов, профессор М.Мирзахидова чакырылган. Өткөрүлгөн дебат-сабакта мамлекеттик тилдин азыркы абалы жогорку класстын окуучулары тарабынан ар тараптуу талкууга алынып, ийгиликтери белгиленип, кемчилдиктерин оңдоого сунуштар айтылды. Чакырылган конокторго окуучулар кызыктырган суроолорурун беришти. Окуучулардын "Мамлекеттик тилдин иштетилиши сизди каннаттандырабы?" деген суроосуна доцент А.Оморовдун илим, саясат чөйрөсүндөгү, жаш муундардын мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндөгү аргументтүү фактылары окуучуларды таң калтырды. А.Оморовдун кайра окуучуларга "Тилибиздин өлкөбүздө реализацияланышы канааттандырарлык бекен? -" деген суроосуна бардыгы баш чайкашты. Профессор Мирзахидова дв кызыктуу пикирлерин айтты. Дебат-сабак жана ЖАМУнун окумуштууларынын баяндамалары абдан иштиктүү болгондугун белгилеп, аталган мектептин директору Ж.Кебекова ыраазычылык билдирди, ЖАМУ менен байланышты мындан ары тереңдетерин билдирди.