1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

153

Казак эл жазуучусу -  М.Аузэов ачык сабакта

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын ага окутуучусу Шерипбаев Амангелди ФИнин КТ-1-23 тайпасына  “Чыгыш элдеринин адабияты дисциплинасынан «М.Ауэзовдун өмүрү, чыгармачылыгы жана “Абай” роман-эпопеясы» деген темада көргөзмөлүү сабак өттү. Сабакка  кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары жана ФИнин окуу-усулдук иштери боюнча жетекчи Г.Жороева катышы.

 Студенттер практикалык сабакта Кыргыз эл жазуучусу, Сталиндик жана Лениндик сыйлыктардын ээси М.Ауэзовдун өмүрү, чыгармачылыгы, “Абай жолу” роман-эпопеясы, “Караш-караш окуясы”, “Көк серек”  ангемеси, жазуучунун окумуштуулук таланты, “Манас” эпосу, Ч.Айтматов тууралуу эмгектери тууралуу кызыктуу маалыматтарды топторго бөлүнүп, интерактивдуу панель аркылуу презентациялашты.

Практикалык сабактын планы, сунушталган адабияттар жана конкурстун шарттары интерактивдүү панелде чагылдырылып турду. Катышкан окутуучулар сабак-мелдештин жыйынтыгын чыгарып, тайпалардагы тесттик тапшырмалардын, көркөм окуулардын, маани-мазмунун таразалап, өздөрүнүн баасын беришти. Жалпы эле казак адабияты боюнча жыйынтыктоочу практикалык сабак болгондуктан, Kahootта 20 тесттик тапшырманы жуптарда иштешти. Жыйынтыктап айтканда, жазуучу, драматург, окумуштуу-адабиятчы, казак-кыргыз достугунун далили катары эмгектери аркылуу далилдеп, корутунду чыгарды. Катышкан окутуучулар сабакты бир ооздон “эӊ жакшы”  баалашты.