1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

197

Дуалдык окутуу уланууда

2025-жылдын 21-октябрында Манас шаарындагы №4 жалпы билим берүүчү орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты адистигинин КТ-1-22 тайпасынын студенти Сапарова Эркинай дуалдык окутуу учурунда ачык сабак өткөрдү. 9-г классынын окуучулары үчүн уюштурулган бул сабак Кыргыз адабияты предмети боюнча "Манас" үчилтиги темасын бышыктоого арналды.

Эркинай Сапарова  сабакты өтүүдө жана окуучулардын билимин баалоодо заманбап санариптик инструменттердин бири болгон Kahoot платформасын (Kahoot.it аркылуу кирүү) колдонуу ыкмаларын көрсөттү. Ал бул платформанын негизинде "Манас" эпосундагы негизги каармандар, сюжеттик бурулуштар жана цитаталар боюнча интерактивдүү викториналык суроолорду камтыган баалоо каражаттарын кантип түзүүнү жана аны окуу процессинде эффективдүү колдонууну окуучуларына демонстрациялады.

Kahoot! аркылуу бышыктоо иши оюн форматында (геймификация) өтүп, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун жана активдүүлүгүн жогорулатты. Ошону менен бирге мугалимге тез арада кайтарым байланыш алып, ар бир окуучунун "Манас" боюнча билиминин деңгээлин формативдик баалоо негизинде аныктоого шарт түздү.

Усулчу Бакирова Гүлжан Көккөзовна бул сабактын билим берүү процессине санариптик технологияларды киргизүүдөгү жана жаңы муундагы окуучулардын талаптарына жооп берүүдөгү маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын пикиринде, мындай инновациялык ыкмалар улуттук адабиятты  -  өзгөчө "Манас" эпосун - окутуунун сапатын арттырууга жана жаштарга мурасты кызыктуу жол менен жеткирүүгө өбөлгө түзөт.