1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

177

Насаатчы-усулчулардын мектептеги практикант-студенттердин сабактарына катышуусу

Дуалдык окутуу бүгүнкү күндө дүйнөдө квалификациялуу адистерди даярдоонун эң эффективдүү формасы болуп эсептелет. Анын башка окутуунун формаларынан айырмасы - окутуунун көп бөлүгү окуу жайда эмес, өндүрүштө өткөндүгүндө. Ошол максатта кафедрадан насаатчы катары дайындалган окутуучулук курамы, түзүлгөн дуалдык окутууда жүргөн шаардагы мектептерде студент-практиканттардын сабактарына катышып турушат. Студенттер дайыма окутуунун жаңы ыкмаларын пайдаланып класстагы окуучуларга сабак өтүшүп, алардын билиминин өнүгүүсүнө жардам беришет. Насаатчы окутуучулар график боюнча студенттердин сабактарына кашышып, педагогикалык ишмердүүлүктө келип чыккан суроолорду чечүүгө жардам берип турушат.

 Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу А.Р. Шерипбаев 2025-жылдын 15-октябрында №14 С.Давлетов атындагы жалпы билим берүүчү орто  мектебинде болуп, КТ-1-22 тайпасынын студенти  Орунбаева Бегимайдын 11-г- класста кыргыз тилинен "Кептин түрлөрү: ой жүгүртүү" деген темадагы сабагына катышты.

         Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Г.О. Кудайкулова 2025-жылдын 15-октябрында №9 Р. Санатбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто барып, КТ-1-22 тайпасынын студенти  Мустапакулова Айдана Салайдиновнанын 6-Е класска кыргыз тилинен “Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү” деген темадагы сабагына катышты.

         №21 Ж .Болотов атындагы жалпы билим берүүчү орто барып, КТ-1-22 тайпасынын студенти  Абдумуталипова Айтурган Бейшебековна 5-Б класска кыргыз адабиятынан “Мукай Элебаевдин өмүрү чыгармачылыгы” деген темадагы сабагына катышты.

№21 Ж.Болотов атындагы жалпы билим берүүчү орто барып, КТ-1-22 тайпасынын студенти  Абдумуталипова Айтурган Бейшебековна 5-Б класска кыргыз адабиятынан “Алыкул Осмоновдун Толубай сынчы” поэмасы деген темадагы сабагына катышты.

Насаатчылык окутуу келечектеги адистерди сапаттуу даярдоого гана эмес, жалпы билим берүү процессинин деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.