1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

Мектептердеги ачык сабактар

Ктк-1-23 тайпасынын студенти Султан к. Жазгул кесиптик-базалык практикасын турмуш шартына байланыштуу Сузак районундагы №3 Чаңгыр-Таш жалпы билим берүүчү мектебинде өтөп жатат. 20.05.2025. күнү жетекчиси кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын ага окутуучусу А.Шерипбаев барып, окуу бөлүмунүн башчысы Турдугүл Бекболотова, мектептеги жетекчиси кыргыз тили жана адабияты мугалими Арзиева Насиба жана бир топ мугалимдер болуп ачык сабакка жана тарбиялык сааттарына катышып талдашты.

5-класста кыргыз адабиятынан Б.Алыкуловдун “Болор жигит”, “Болбос жигит” аттуу дидактикалык ырларын өттү жана анда бир топ көргөзмөлөрдү пайдаланды.

Окуучулар сабакка абдан активдүү катышып, акындын чыгармалары боюнча ар түрдүү тапшырмаларды аткарышты жана көркөм окушуп, ырларынын көркөмдүк өзгөчөлүктөрүнө талдоо жүргүзүштү, сүрөт-табышмактарга кызыктуу жоопторду беришти. Чыгармачылык тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарышты. Сабакта айрыкча топтордо иштөө жакшы натыйжа берди. Тиешелүү сын-сунуштар айтылып, сабакты “жакшы” деп баалашты. Султан к Жазгулдүн аракетчилдиги, изденүүчүлүгүн баары бир ооздон белгилешип, келечекте ошол мектепке кайра келип иштөөсүн билдиришти.