“Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышындагы республикалык сынагы

Бишкек шаарында 16,17-май күндөрү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын ишке ашыруунун алкагында “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышындагы жыл сайын өтүүчү республикалык сынак болуп өттү.
Аталган иш-чара И. Арабаев атындагы КМУда КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте жогорку билим берүү баскычында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, окутуунун тили катары мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеӊейтүү, мамлекеттик тилде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдорун, жаӊы ыкмаларын аныктоо жана аларды билим берүү процессинде колдонуу жана жайылтуу максатында уюштурулган. Адаттагыдай, сынак мамлекеттик тилди эне тили, экинчи тили катары жана чет тил катары окуткан окутуучулар арасында өткөрүлөт.
Сынакка Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекетик университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу Каленбекова Гүлбарчын Тайырбековна мамлекетик тилди чет тили катары окутуу багыты боюнча катышты.
Г. Каленбекова чет өлкөлүк студенттерге "Үндүүлөрдүн үндөштүгү" деген тема боюнча "Менин иш күнүм" аталышындагы текстти окутуунун жаңы ыкмалары менен натыйжалуу сабак өттү. Сабакка студенттер активдүү катышып, сабак максатына жетти.
Иш-чаранын жыйынтыгы жаңы окуу жылынын 23-сентябрь - Мамлекетик тили күнүнө карата чыгарылып, байгелүү орундарга, татыктуу конкурсанттарга сыйлыктар берилери айтылды.