1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филологиялык институт
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 месяца назад

57

Практиканын жыйынтыгы

2025-жылдын 17-май күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинин КТс-1-21, КТс-2-21 тайпаларынын кесиптик-базалык практикаларынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Аталган конференцияга кафедра башчы жана практика жетекчилери катышышты. Жыйындын жүрүшүндө усулчулар тарабынан түрдүү пикирлер, сунуштар айтылды жана студенттер бөлүнгөн мекемелеринде аткарган окуу-тарбиялык иштери жөнүндө сүйлөп, учурдун талабына ылайык окутуунун жаңы усулдарын үйрөнгөнүн билдиришти. Жыйын ийгиликтүү аяктады.