Адаптациялык-педагогикалык, башкаруу практикаларынын жыйынтыгы

2025-жылдын 25-апрелинде Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинин КТ-1-23 тайпасында окуган студенттердин адаптациялык-педагогикалык, ФББ(КТ)маг-1-24 тайпасынын магистранттарынын башкаруу практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Жыйынга кафедра башчы И.Абдувалиев жана практика жетекчилери катышышты. Конференциянын жүрүшүндө усулчулар тарабынан практика тууралуу түрдүү пикирлер, сунуштар айтылып, студенттердин ичинен Абдикеримова Венера, Аданова Гүлзар, Барырова Диана, Кубанычбекова Бактынур, Парпибаева Сайкал, Ачылбек уулу Нурзаман бөлүнгөн мекемелеринде аткарган окуу-тарбиялык, илимий иштери жөнүндө сүйлөшүп, жетекчи мугалимдеринен жаңы инновациялык усулдарды үйрөнгөндүгүн айтып беришти. Ал эми магистранттардан Ахмедова Таңшоола, Мухидин кызы Нуркан башкаруу практикасында мектептеги жетекчилик кызматтарды үйрөнүп келгендигин айтып өтүштү. Жыйынтыгында студенттер практика жетекчилерине ыраазычылыктарын билдиришти да конференция ийгиликтүү аяктады.