1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

27

Кыргыз тилин окутуу дисциплинасынан “Маани берүүчү сөз түркүмдөрүн окутуу” деген темада көргөзмөлүү сабак 

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценттин м.а., филология илимдеринин кандидаты Кочорова Гүлүмкан Осмоновна, 2025-жылдын 22-апрель күнү Кт-23-тайпасынын студенттерине “Кыргыз тилин окутуу” дисциплинасынан “Маани берүүчү сөз түркүмдөрүн окутуу” деген темада инновациялык-интерактивдүү ыкмаларды пайдаланып, көргөзмөлүү сабак өттү.  

         Сабакка кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.д., профессор И.Абдувалиев, ф.и.д., профессор М.Мирзахидова, ф.и.к., доцент А.Кадырова, ф.и.к., доцент Д.Чокоева, ф.и.к., доцент Г.Бакирова, улуу окутуучулар Г.Каленбекова, У.Омурзакова, окутуучу Г.Кудайкулова,  үйрөнчүк-окутуучу Имаралы кызы Назбийке  катышышты. Сабактын акырында окутуучулар ой-пикирлерин айтышып, ыраазычылык билдиришти.

         Студенттер практикалык сабакка абдан жакшы даярдыкта келип, активдүү катышышты. Сабактын акырында баалоо критерийлеринин негизинде “эң жакшы” жана “жакшы” деген бааларга татыктуу болушту.