Ж. Баласагын атындагы КУУда конок лекция өтүлдү

2015-жылдын 17-апрелинде Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти, фил.и.к. Г.К.Бакирова Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетиндеги кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын студенттерине академиялык мобилдүүлүктүн алкагында байланыштуу кеп предметинен “Тексттин табияты”, “Текст түзүүнүн активдүү ыкмалары” деген темаларда конок лекция өттү. Лекцияга факультеттин деканы, фил.и.к., доцент Б.А.Жайлообаев, кафедра башчысы, фил.и.к., доцент Н.Ы.Осмонова жетектеген жамаат жана студенттер катышышып, сабактар кызыктуу суроо-жооптор менен коштолду жана жетекчилер окуу жайлар арасындагы илимий-педагогикалык байланыштарды чыңдоо ниеттерин, ыраазычылыктарын билдиришти.
Доцент Б.А.Жайлообаев кыргыз филологиясы факультетинин жетишкендиктери, материалдык-техникалык базасы менен кеңири тааныштырып, окутуучулар менен жолугушуу уюштурду. Иш-чаранын аягында доцент Г.К.Бакировага окуу жайдын ректоратынын атайын сертификаты тапшырылды.