1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

29

V Эл аралык түрк цивилизациясы (Түрк цивилизациясынын орток баалуулуктары) конгресси 

2025-жылдын 17-19-апрелинде Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде V Эл аралык түрк цивилизациясы (Түрк цивилизациясынын орток баалуулуктары) конгресси өткөрүлүп, иш-чарага Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти, ф.и.к. Г.К.Бакирова катышты жана 18-апрель күнү “Лингвистика” секциясында “Фразеологизмдердин этномаданий табияты (кыргыз, казах, өзбек тилдеринин материалдарында)” деген темада илимий баяндамасын жасады. Баяндама кызуу талкууларды жана жакшы пикирлерди жаратып, автор баалуу сыйлыктарга, сертификатка татыктуу болду.