Университеттер аралык аймактык XII студенттик олимпиада

Б.Сыдыков атындагы Ош кыргыз - өзбек эл аралык университетинде аймактык ЖОЖдор арасында студенттик олимпиада болуп өттү.Олимпиадага Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинде окуган үч курстан үч студент катышып, үч түрдүү предметтен үчөө тең биринчи орунду ээлешти. Алардын ысымдарын атасак: Манас таануу предметинен КТ-1-23 тайпасынын студенти Сайкал Парпибаева 1-орун, олимпиадага даярдаган: филология илимдеринин кандидаты, доцент Анара Кадырова; кыргыз тилин баштоочулар үчүн ПОВТАС - 24 тайпасынын студенти Рабия Мамат каримова 1-орун, даярдаган: филология илимдеринин кандидаты, доцент Гүлүмкан Кочорова; кыргыз тили жана адабияты предметинен КТ-1-22 тайпасынын студенти Маткосимова Рабия даярдагандар: улук окутуучу Амангелди Шерипбаев жана филология илимдеринин кандидаты, доцент Гулжан Бакирова. Мындай ийгилик биздин жамаатыбыздын маанайын көкөлөтүп, ишибизге өзгөчө мотивация берди. Студенттербиз окутуучуларынын билимине-илимине жогорку бааларын берип, билимдүү, илимдүү окутуучулардын колунан билим алып жаткандарына ыраазы болушуп, келечекте мыкты адистерден болоруна ишенимдери зор экенин билдиришти. Учурда ордендүү ЖАМУбуздун ооматы ашып, өзгөчө статуска ээ болуп, жамааттын ар тараптан иштешине жагымдуу шарттарды түзүп, мартабасын дагы жогорулатуу үчүн тынымсыз аракеттенип жатат.Аракетке береке деген, сүйүктүү окуу жайыбыз, алгалай бер, сага деген ишеничибиз, албетте, зор!