1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

2227

1

Жумуш ордунда окутуу

Мектептерге жогорку билимдүү, окутуунун усулдарын мыкты билген, сабактарды жакшы өтө турган ж.б. сапаттарга ээ болгон болочок мугалимдерди даярдоо ЖОЖ профессордук-окумуштуулар курамынын негизги  максаттарынан бири.

Б.Осмонов ат. ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессору ф.и.д.

М.И.Мирзахидова Жалал-Абад ш. Ж.Болотов ат. жалпы билим берүү мекемесинде

КТ-1-21 тайпасынын студенттери менен жумуш ордунда окутуу боюнча    “Түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы” дисциплинасынан “Түрк тилдеринде жөндөмө категориясы” темасында (2 с.) сабак өттү. Профессор сабакта заманбап техникалардан, окутуунун жаңы ыкмалары ж.б.дан үнөмдүү пайдаланды. Сабакка мектеп администрациясынан организатор ага окутуучу Анашова Элмира, мектептин бүтүрүүчү окучуулары, ЗЭАУтин практиканттары да катышышты. Ар дайымгыдай профессор сабакты жогорку денгээлде өткөндүгүн мектеп администрациясы жана катышуучулар белгилеп өтүштү.