ААЛАМ КӨРКҮ АЯЛЗАТ

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасында 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү.
Иш-чара 1-курстун студенттери тарабынан өткөрүлүп, ага кафедранын окутуучулары катышты. Студенттер аялзат – үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы, ар бир аял күн сайын урмат-сыйга татыктуу экенин белгилеп, айымдарды жаз майрамы менен куттуктап, белектери менен сыйлашты.
Майрамдык иш-чаранын алкагында ыр, бий, көркөм окуу, куттуктоолор аткарылып, кызыктуу оюндар ойнотулуп, концерттик программа өз максатына жетти. Иш-чара аягында окутуучулар тарабынан Кт-1-24 тайпасынын кыздарына ыраазычылыктар билдирилип, жыйынтыгында кафедранын башчысы И.Абдувалиевдин куттуктоосу менен соңуна чыкты.