1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

91

Тилим менен улутмун

Эне тилим – менин дилим. Ар улут ɵз эне тилин урматтап, ɵз тилинде сʏйлɵɵсʏ абзел. Эне тилибиз – улуттун уңгусу, кɵɵнɵрбɵс мурасы, олжосу, байлыгы. Учурунда Чыңгыз Айтматов таамай айткан: “Эне тилибиз – улуттун портрети”. Анын сыңарындай, эне тилибиз улуу тил экени баарыбызга маалым. Ушул эне тилибиз аркылуу дʏйнɵ элине белгилʏʏ болгон “Манас” эпосу жазылган. Азыркы учурда да эне тилибиз боюнча бир канча иш чаралар ɵткɵрʏлʏп келе жатат.

Эне тилди ɵнʏктʏрʏʏ максатында бир айлык иш чаралардын планы боюнча Б.Осмонов атындагы  ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын Кт-23 тайпасынын студенттери дилбаян жазышты.  Дилбаянды бардык студенттер мыкты жазышкан. Алардын ичинен 3 орунга ылайыктуулары тандалып алынды.

1-орун. Ачылбек уулу Нурзаман;

2-орун. Кубанычбекова Бактынур;

3-орун. Жанарбекова Тахмина.