Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун

БУУнун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде Кыргыз Республикасында жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу жана “21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө” карата филология факультетинин КТ-1-22 тайпасында “Эне тилим – тирегим” деген темада 25-февраль күнү куратор А.Шерипбаев ачык куратордук сабак өттү.
Сабакта куратор БУУ тарабынан ар бир өлкөдө титулдук улуттун тили жана адабияты, тарыхы, географиясы жана каада салты билим берүү программасында башкы приоритеттүү багыт катары окутулуусу керек экендигине басым жасалгандыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Манас мыйзамына өзгөртүүлөргө кол койгондугуна жана жогорудагы кабыл алынган мыйзамдар тууралуу да түшүнүк берилди.
Студенттер Эл аралык эне тил күнүнө карата кыргыз акындарынын чыгармаларын көркөм окушту жана интерактивдүү панел менен видеороликтерди көрүп, аны талкуулашып ой-пикирлери менен бөлүштү. Куратордук сабакка кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары катышты.