1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

91

"ЭНЕ ТИЛ - УЛУТ УҢГУСУ" ФЕСТИВАЛЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, “Инсандын  руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыктарын,  Кыргыз Жараны концепциясын жайылтуу, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”   КР Конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу,  БУУнун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде КР жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата "Эне тил - улут уңгусу" аталышындагы фестиваль 20-февраль күнү болуп өттү. Аты аталган иш-чарага университеттин көп тилдүү деп аталган филология факультетинде окуган студенттерден түзүлгөн 6 команда катышып, жана төмөнкү кафедралар жоопту болушту. Алар:

1.         Кыргыз тили командасы - Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы;

2.         Орус тил командасы - Орус филологиясы кафедрасы;

3.         Өзбек тили командасы - Филология факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары; 

4.         Түрк тили командасы - Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы;

5.         Англис тили командасы - Англис тили жана адабияты кафедрасы;

6.         Немец тили командасы - Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы.

Фестиваль жүрүшүндө ар бир командалар төмөнкүдөй тартипте:

 Саламдашуу;

 Улуттук нарк, каада-салт, үрп-адат баалуулуктары;

 Элдик, улуттук ырлардан номер аткаруу;

 Элдик, улуттук бий боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ар бир топ ар улуттун тилин, тарыхын, салтын, маданиятын жогорку деңгээлде көрсөтүшүп, студенттер өздөрүнүн мыкты экендигин далилдешти. Жыйынтыгында командалар активдүү катышкандыгы үчүн жана мыкты деп аталган номерлери үчүн дипломдорго ээ болушту.