1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

52

Кесиптик-профилдик практика учурунда

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценттин м.а., филология илимдеринин кандидаты Кочорова Гүлүмкан Осмоновна Кт-1-21 тайпасынын төмөндөгү студенттерине кесиптик-профилдик  практикасына усулчу болуп, практиканттарынан кабар алып турду.

 Маралбекова Махабат, кесиптик-профилдик практикасын Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айылындагы Темиркул Мавлянов атындагы №11 орто жалпы билим берүү мектебинде өтөтү. Практика учурунда  сабактарды мыкты өтүп, мугалимдердин алкыштарына ээ болду.

Арзыкулова Зейнеп, кесиптик-профилдик практикасын  Сокулук районуна караштуу Ак-Жол айылындагы Раздольный орто мектебинде өтүп, окуучулардын жүрөгүнөн түнөк таап, мугалимдер менен ынтымактуу иш алып барды.  Зейнепке мектептин админстрациясы жогорку окуу жайды аяктагандан кийин мугалим болуп иштеп берүүсүн сунушташты.

Гапарова Нираида, Ноокен районуна караштуу №16 Жусуп Турусбеков атындагы билим берүү мектебинде кесиптик-профилдик практикасын өтөдү. Тажырыйбалуу мугалимдерден усулдук жардамдарды алып, сабактарды жакшы өттү.

 Практиканттар окутуунун усулдарын, ыкмаларын жана жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу, бекемдөө, кеңейтүү, алардын үстүндө өз алдынча мугалим катары иштөөнү камсыз кылуу, мектеп коллективинин тажрыйбалуу мугалимдердин ишмердүүлүктөрүн өзүнө сиңирүү, мектептердеги коомдук уюмдар менен өз алдынча иштөө жөндөмдүүлүгүн артырышты. Андан тышкары окуу жыл ичиндеги белгилүү күндөргө, даталарга карата тарыхый угууларды жана тарыхый кечелерди уюштурууга, өткөрүүгө жардамдашты.

 Кесиптик-профилдик практика студенттердин предметтик окуу куралдары менен каражаттарынын үстүндө адис катары иштөөнү жана аларды кесиптик өз ишмердүүлүгүнө даярдайт.