1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

Канча кылым өтсө да,  Кыргызымдын жүрөгүндө жанасың, МАНАСЫМ!

2024-жылдын 17-декабрь күнү КТ-23 тайпасынын куратору ф.и.к., доценттин м.а. Кочорова Гүлүмкан Осмоновна  “Канча кылым өтсө да,  Кыргызымдын жүрөгүндө жанасың, МАНАСЫМ!”- деген темада тарбиялык саат өттү.

 «Манас» мааниси, эл турмушунан алган орду жактан кыргыздардын улуттук сыймыгы, ата-бабабыз тарыхта аты белгилүү болгон үч миң жылдан ашык убактан бери басып өткөн узак жолундагы руханий табылгаларынын, билгендери менен тажрыйбасында топтолгондордун алгылыктууларын, башынан кечирген өйдө-ылдыйлуу окуялар, көөнүндөгү маалыматтардын орчундууларын дээрлик бүт чогулткан баасы кунсуз казынанын милдетин аткарып, элибиздин ыйык тутуп, укумдан-тукумга бөксөртпөй сактап, улам толуктап, байытып келе жаткан улуу мурасы боюнча кеңири токтолду.

Кт-1-23 тайпасынын студенттери кыргыз   элинин ханы, мекенчил эр азаматары, баатырлары, өмүрү өрнөк болуучу сыймыктары Манас менен Алмамбет, Сыргак, Чубак баштаган  чоролору боюнча кыскача баяндама жасашты.

Дүйнөнүн түркүгү – эне дешет элибизде. Алар жөнүндө укмуштай уламыштар, макал-лакаптар, сындар, ырлар, санаттар, казалдар, дастандар бар. Кыргыз тарыхында Каныкейдей акылдуулары, Айчүрөктөй сулуулары, Жаңыл мырзадай, Кыз Сайкалдай айбаттуу баатырларын даңазалашты.