1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

503

1

Эне тилдин энеси – Бүбүйна Орозбаевага 100 жыл

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң жыйындар залында белгилүү тилчи-окумуштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Илимине эмгек сиңирген ишмер, "Данк" медалынын, ІІІ даражадагы "Манас" орденинин ээси, "Эне тилдин энеси" Бүбүйна Өмүрзаковна Орузбаеванын 100 жылдыгына арналган "Академик Бүбүйна Орузбаева жана кыргыз, түрк тил илими" аттуу эл аралык илимий- практикалык конференция болуп өттүү.

Аталган конференцияга Туркия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринен жана Кыргызстандын 7 дубанынан илимпоздор жана жаш окумуштуулар, изилдөөчүлөр катышты.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун профессору филология илимдеринин доктору М.И. Мирзахидова аспиранттары менен аталган конференцияга конок катары чакырылып, “Академик Бүбүйна Орузбаева жана кыргыз тил илиминин маселелери”, “Балага арналган баталар”, “ “Соттолуучунун психологиялык портретинин сот процессине болгон таасири” деген темада баяндама жасашып, сертификатка ээ болушту.