Түрк элдеринин тилинин жана адабиятынын актуалдуу маселелери

ОшМУда Кара-Кыргыз автономдук облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулган студенттердин «Түрк элдеринин тилинин жана адабиятынын актуалдуу маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Кыргыз, өзбек жана казак элдеринин биримдигин чыңдаган бул иш-чара ОШМУнун Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун «Өзбек тили жана маданияты», «Казак тили жана маданияты» борборлору тарабынан уюштурулуп, ага Ош мамлекеттик университетинин, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, А. Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинин, Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин, Наманган мамлекеттик университетинин, Анжиян мамлекеттик педагогикалык институтунун окутуучулары жана студенттери катышып, түрк элдеринин тилдери, адабияты жана маданиятына байланышкан учурдун актуалдуу маселелерин салыштырып изилдөөгө арналган темалар боюнча кыргыз, өзбек жана казак тилдеринде илимий докладдарды жасашты.
Аты аталган илимий конференцияга Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору, филология илимдеринин доктору М.И. Мирзахидова жетектеген 1-курс студенттери да маанилүү докладдары менен активдүү катышышты. Атап айтканда, “ТҮРК ТИЛДЕРИНДЕГИ МАМИЛЕ КАТЕГОРИЯСЫ” темасында Аширбекова Мадина (Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 1-курс студенти) жана “ҚИРҒИЗ ВА ЎЗБЕК ТИЛЛАРИДА ОТ СЎЗ ТУРКУМИНИНГ УМУМИЙ ВА ХУСУСИЙ ЖИҲАТЛАРИ” темасында Султанханова Севинч Дилшадовна (ЖаМУнун 1-курс студенти) катышып, эң жакшы окулган доклад номинациясынын жеңүүчүлөрү болушту. Аларды жана илимий жетекчиси – профессор, филология илимдеринин доктору М.И. Мирзахидованы ийгиликтери менен куттуктайбыз! Бар болгула!
Ошону менен бирге аталган иш-чараны уюштуруучуларына чоң ыраазычылык билдиребиз!