1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

107

     Практика учурунда

Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн жектекчилиги менен Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинде окуп жаткан 4-курсунун студенти Пазылбек кызы Нурзаада кесиптик-профилдик практикасын өтөө үчүн Сузак районундагы №19 Адылбек Абдукаимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине жиберилген. Ал 26-ноябрь күнү 5-класска кыргыз адабиятынан "Бугу эне" жомогу жөнүндө көргөзмөлүү ачык сабак өттү.

Айбек кызы Махабат Жалал-Абад шаарындагы №21 Ж. Болотов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине бөлүнгөн. Ал 27-ноябрь күнү 9-класска кыргыз адабиятынан Жусуп Турусбековдун “Энем” поэмасы, кыргыз тилинен “Сырдык сөздөр, аларга коюлуучу тыныш белгилери” деген темада ачык сабак өттү.

Туташова Аяна Жээнбековна Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги инновациялык мектебине бөлүнгөн. Ал 6-ноябрь күнү 7-класска Тоголок Молдонун “Кемчонтой”  поэмасы жөнүндө  ачык сабак өттү.

Ачык сабактарга кыргыз тили жана адабияты кафедрасынан бөлүнгөн жетекчи – Кудайкулова Гүлмира Орозбаевна жана мектептен бөлүнгөн жетекчилери катышышты. 

Бул практиканттар, кыргыз тили жана адабиятынын окутуунун усулу предметинен алган теориялык билимдерин колдонуу менен окутуунун түрдүү жаңы ыкмаларын сабактарында пайдаланышты. Акырында студент-практиканттардын сабагына жетекчи катары анализдер берилип, эске алынуучу маанилүү жактар белгиленди. Сабактын формасына, структурасына жана мазмунуна карата ой-пикирлер, сунуштар айтылды.