СТУДЕНТТЕРДИН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖЫЙЫНЫ

КР Мамлекеттик тилинин 35 жылдыгына карата жарыяланган үч айлыктын алкагында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттеринин чыгармачылык жыйыны болуп өттү. Бул иш-чараф.и.д., профессор И.Абдувалиевдин демилгеси менен уюштурулуп, жыйынгакыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессор-окутуучулар курамы катышышты. Ал эми жыйындын коноктору мамлекеттик тилдин жетектөөчү адиси ф.и.д., профессор К.Калчекеев, п.и.к., доцент К.Ураимов, 4-мектептинанглис тили мугалими Найманбай Рахмат эжекелер болушту. Студенттердин чыгармачылык жыйынында университеттин жалпы студенттеринин арасынан чымыны бар, таланттуу акындарыбыз жана аларды колдоп келген, көрүүчү катары келген студенттерибиз болуп, жыйын жүрүшүндөболочоктогу жаш акын-жазуучуларыбыз ырларын, аңгемелерин окушуп, бири-бирин колдоп отурушту. Окутуучулар дагы окулган чыгармалардан кийин өз бааларын билдирип, пикирлерин айтышып, акыл-насааттарын да беришти. Аягында чыгармалардын арасынан мыктыларын тандашып, дипломдор менен сыйлашты. Студенттердин арасынан бир тобу ыраазычылыктарын билдирип, кубанычтарын жашырбай айтышып, мындай жыйындын байма-бай уюштурулуп туруусун суранышты.