Кесиптик-профилдик практиканын жүрүшүнөн...
КТ-1-21 тайпасынын студенти Кубатбек кызы Элиза кесиптик-профилдик практикасын Ала-Бука районундагы №9 Токтосун Жоробаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде жүргүзүп жатат. Ал 2024-жылдын 29-ноябрь күнү кыргыз адабиятынан 10-класска «Кыргыз профессионал адабиятынын жаралышы» (1918-1929-жылдар) деген темада көргөзмөлүү ачык сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө окуучулар үй тапшырмасын айтып беришип, жаңы теманы слайддын жардамында кеңири түшүнүк алышып, аны бышыктоо максатында доскадагы суроолорго жооп беришип, батмандагы сүрөттөрдү дал келтиришип, табышмактуу сүрөттөрдүн, жылдардын жандырмактарын табышып, өз ойлору менен бекемдешти. Үйгө тапшырма окуп келүү болду.
29-ноябрь күнү ошол эле класска класстан тышкаркы иш-чара уюштуруп, "Акындын мөлү - Алыкул” деген темада поэзия кечесин өткөрдү. Окуучулар А.Осмоновдун ырларын көркөм жатка айтышып, ыр, бий, көрүнүш, хор, комуздун коштоосунда ырдашып, өздөрүнүн жазган ырларын көркөм окушту.
Ачык сабакка кыргыз тили жана адабияты кафедрасынан бөлүнгөн жетекчиси - Шерипбаев Амангелди Рахманович, мектептен бөлүнгөн усулчусу - Олжобаева Дилбар Шерматова жана ондон ашык мектеп мугалимдери катышышып, сабактын акырында Кубуатбек кызы Элизага усулдук кеп-кеңештерин беришти да сабактын формасына, структурасына жана мазмунуна карата ой-пикирлер, сунуштар айтылды. Жыйынтыгында эки сабагы тең “эң жакшы” деп бааланды.