Кыргыз тили ырлар менен жаңырсын

Филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында “Кыргыз тили ырлар менен жаңырсын” аталышындагы иш-чара болуп өттү. Аты аталган иш-чарага кафедра башчысы И.Абдувалиев баш болгон кафедранын жамааты менен сырттан келген конокторубуз, көрүүчүлөрүбүз күбө болушту. Жалпысынан иш-чарабыз эки бөлүктөн туруп, биринчиси концерттик программа болуп, анын жүрүшүндө ырлар ырдалып, комуз чертилип, тил жөнүндө саптар көркөм окулуп тилибиз даңкталды. Ал эми экинчи бөлүгү интеллектуалдык таймаш болуп, анда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгү тууралуу, 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү боюнча, ошондой эле кыргыздын баалуулуктары, аны менен катар логикалык суроолор берилип, Кт-1-24, Кт-1-23, Кт-1-22 тайпасынын студент кыздары таймашышты. Беттеш кызыктуу болуп, жыйынтыгында кыздарыбыз 1-2-3-орундарга ээ болушуп, грамоталар менен сыйланышты. Иш-чаранын аягында кафедра башчыбыз өз баасын берип, тил тууралуу айткан накыл кептери менен жыйынтыкталды.