1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

7 месяцев назад

86

Кесиптик-профилдик практиканын жыйынтыгы

2024-жылдын 21-ноябрында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинин КТс-1-20 тайпасында окуган студенттердин кесиптик-профилдик практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Жыйынга кафедра башчы  И.Абдувалиев жана практика жетекчилери катышышты. Конференциянын жүрүшүндө усулчулар тарабынан практика тууралуу түрдүү пикирлер, сунуштар айтылып, студенттердин ичинен Муратбек кызы Дилрабо, Тойчиева Гулзина Тойчубековна, Аманова Жыпаргүл Обобакировна, Тагайбек кызы Апал, Полотова Жумагүл Абдрасуловна бөлүнгөн мекемелеринде аткарган  окуу-тарбиялык иштери жөнүндө сүйлөп, окуткан сааттарында жаңы инновациялык усулдарды пайдаланганын көрсөтүп беришти. Жыйынтыгында студенттер  практика жетекчилерине ыраазычылыктарын билдиришти да конференция ийгиликтүү аяктады.