1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

7 месяцев назад

119

Илим күнүнө карата “Бүбүйна Орузбаева жана кыргыз тил илими” деген тегерек стол

2024-2025-окуу жылынын 20-ноябрында “Бүбүйна Орузбаева жана кыргыз тил илими” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Илим күнүнө карата кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан уюштурулган  иш-чарада филология илимдеринин доктору, академик Б.Орузбаеванын кыргыз тил илимине кошкон зор  салымы, илимий эмгектери, өмүр жолу, мүнөзү тууралуу баяндамалар айтылып, талкуулар болду. Студенттер академик Б.Орузбаева тууралуу кызыккан суроолоруна кафедранын профессору И.Абдувалиев, доценттери А.Оморов, Г.К.Бакирова, А.Кадыровалар тарабынан жооптор берилди.

Мамлекеттик тил бөлүмүнүн кызматкери профессор К.К.Калчакеев кафедранын бул уюштурулган иш-чарасы студенттер үчүн абдан пайдалуу болду деп эсептейм – деп билдирди.