1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

41

“Кут билимчилер” алдыда!

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинин 3-4-курстарынан түзүлгөн “Кут билим” тобу  КР Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын республикалык ЖОЖдор арасында өткөн студенттердин “БИЛГИ” интеллектуалдык теледолбоорунун 3-айлампасында К.Карасаев атындагы БМУнун “Даанышман” тобу менен беттешти жана 15,25 – 8 эсебинде чоң айырмачылык менен озуп, 4-айлампага катышуу укугуна ээ болду. 3-айлампа төмөнкүдөй натыйжа менен жыйынтыкталды.

1. Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Кут билим” тобу - 15,25 упай;

2. КР ИИМдин Академиясынын “Акыйкат” тобу -14,5 упай;

3. КР Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун “Чоролор” тобу -14,5 упай;

4. Ж. Баласагын атындагы КУУнун “Баласагын” тобу - 11,5 упай;

5. ⁠К. Карасаев атындагы БМУ “Даанышман” тобу -8 упай;

6. И. Арабаев атындагы КМУнун “Ынтымак” тобу – 8 упай;

7. Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин «Санжыра» тобу -5,5 упай;

8. Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Өнөр» тобу - 4упай.

Ошентип, 3-айлампанын жыйынтыгы менен 1-орунду камсыз кылды жана азырынча байгелүү жүз миң сомго жеттик. 4-айлампада алгачкы 4 орунду камсыз кылган топтор (1-орун менен 4-орун,   2-орун менен 3-орун) беттешет. “Кут билим” тобу кайрадан 2-айлампада беттешкен КУУнун “Баласагын” тобу менен таймашат. Бул долбоор үчүн Президенттин байге фондунан 1 млн сом бөлүнгөн алгачкы интеллектуалдык мега долбоор болуп эсептелет жана 5 айлампа менен декабрь айында жыйынтыкталат. Долбоордун негизги максаты кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын мыктылап окуп-үйрөнүү жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына байланыштуу тарых, адабият, маданият, искусство боюнча ар тараптуу суроолорго басым жасалды.

Топтун курамында  Кт-1-21 тайпасынан Сапарбаева Үпөл, Жалалова Чынаргүл, Карыпбаева Таңсулуу, Кт-1-22 тайпасынан Сапарова Эркинай, Махаммадкосим кызы Асиялар катышты жана берилген тапшырмаларды кайра-кайра окуп мыкты даярдык менен барышты. Жыйынтык чыгары менен эле кайрадан план түзүп, кийинки беттешке мыктылап даярдана баштадык.

            Моралдык жана материалдык колдоо көрсөткөнү үчүн университеттин жалпы жетекчилигине, ректорубуз К.Ж.Усеновго, деканатка,  баалуу кеп-кеңештери үчүн кафедранын профессордук-окутуучулук курамына ыраазычылык билдиребиз.