Илимий-педагогикалык парактиканын жыйынтыгы
2024-жылдын 1-ноябрь күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин ФББ(КТ)маг-1-23 тайпасынын магистранттарынын илимий-педагогикалык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияга карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Калыбекова З.С., кафедрадан бекитилген илимий жетекчилери, жана студент, магистранттар катышышты. Жыйындын жүрүшүндө практика жетекчилерине сөз берилип, практика учурунда магистранттар, илимий жетекчилери менен тыгыз байланышта болгондугун жана алар илимий ишинин киришүү бөлүмүн жазып, бирден макалалары жарык көргөндүгү жөнүндө маалымат берип, илимий кеп-кеңештерин айтып өтүштү. Конференция ийгиликтүү аяктап, магистранттар илимий жетекчилерине ыраазычылыктарын билдиришти.