1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 месяца назад

150

“Нускалуу карыя болбой, ыймандуу жаш болбойт” аталышындагы дилбаян жазуу конкурсу

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан Жалал-Абад мэриясынан келген, №358-б “Улгайган адамдардын Эл аралык күнүн белгилөө жөнүндөгү” буйругун ишке ашыруу максатында студенттер арасында “Карысы бардын ырысы бар”, “Нускалуу карыя болбой, ыймандуу жаш болбойт” аталышындагы дилбаян жазуу боюнча конкурс уюштурулду. Аталган конкурска КТ-1-24, КТ-1-23, КТ-1-22 тайпалары катышышты. Жыйынтыгында 14-октябарь күнү 1-курстан 1-орунга Нуралиева Айназик, 2-орунга Адилжанова Фарогат, 3-орунга Шерова Муслималар татыктуу болушту. Ал эми 2-3-курстардан 1-орунга Парпибаева Сайкал, Мустапакулова Айдана, 2-орунга Кубанычбекова Бактынур жана Тагаева Перизат ээ болушуп, факультеттин деңгээлиндеги дипломдор тапшырылды. Мындан сырткары КТ-1-24 тайпасына активдүү катышкандыгы үчүн да диплом берилди.