1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 месяца назад

130

Барпы Алыкуловдун үй музейине иш сапар

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттери 2024-жылдын орчундуу мааракелеринин бири болгон Б.Алыкуловдун 140 жылдыгына карата Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Ачы кыштагына Барпы атанын үй музейине саякат жасап кайтышты. Кафедранын башчысы И.Абдувалиев баш болгон бул топ Барпы акындын кыргыз төкмөлүк өнөрүндөгү ордун, чыгармачылык өзгөчөлүгүн, ырларынын тилин, жеке турмушу, бүтүндөй жашоосу тууралуу студенттер менен ой бөлүштү. Ф.и.д., профессор И.Абдувалиев акындын өмүр таржымалы боюнча бир канча кызыктуу фактыларды айтып өттү, андан кийин доцент А.Оморов Барпынын ырларындагы стилистикалык боектуулугу тууралуу, ал эми Г.Бакирова болсо тилдик өзгөчөлүктөрү боюнча, улук окутуучу А.Шерипбаев чыгармаларынын идеясы, тематикасы жана берген маани-маңызы, тарбиялык жактарын айтып өттү. Окутуучулар дагы элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырлары жана илимге кыйыр жол салып берген чыгармаларынын жазылуу тарыхтары тууралуу баяндап беришти. Муну менен гана чектелбей жамаатыбыз жана да таланттуу студенттерибиз ырларынан обон созуп, көтөрүңкү маанайда Барпы акындын үй музейине болгон сапарын жыйынтыкташты.