Биздин жол башчы аталар
(Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата тегерек стол)
16-сентябрь күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын Кт-1-23 тайпасынын студенттери КРдин Президентинин Жарлыгына ылайык, А.Сыдыков, И.Айдарбеков, Ж.Абдрахманов, А.Орозбеков, И.Арабаев Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталарды эскерип, тегерек стол өткөрүштү. Тегерек столго кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, фил.и.д., профессор И.Абдувалиев, доцент А.Оморов, кафедранын тарбиялык иштер боюнча жооптуу Имаралы кызы Назбийке катышышты. Куратору, ф.и.к., доцент Г.Кочорова студенттерге жогоруда аты аталган аталар жөнүндө кеңири маалымат берип, суроо-жооп иретинде талкуулашты. Студенттер талкуу учурунда өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтө алышты.