Иш берүүчүлөр, эксперттер менен жолугушуу
Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы иш берүүчүлөр, эксперттер менен жолугушуу өткөрдү.
Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.д., профессор И.Абдувалиев келген эксперттер, иш берүүчүлөр менен быйылкы 2024-2025-окуу жылына жаңы окуу планынын түзүлгөнүн жана анда багыты 550300 Филологиялык билим берүү кыргыз тили жана адабияты профили боюнча НББПнын түзүлгөнүн билдирди. НББПны талкулоого эксперттер, иш берүүчүлөр, бүтурүүчүлөр катышышты. Мындагы эң актуалдуу көйгөйүбүз туура предметтер тандалдыбы? Сиздерде адистик даярдоодогу жаңы сунуш ой- пикириңиздер барбы? - деген таризде пикирлешүү болуп өттү. Эксперт фил.и.к., доцент Эсенова Н.М. биздин негизги максат студенттер окууну аяктагандан кийин дипломду алып иш берүүчүнүн талабына жооп бериш керек, эксперт катары окуу планы орчундуу, маанилүү, эң керектүү, туура түзүлгөнүн билдирип өз баасын берди. НББП боюнча бир топ токтолуп кетти, макулдугун айтты жана кафедранын профессордук-окутуучулук курамына толук ишенээрин айтып, жаңы түзүлгөн НББПны колдоорун билдирди. Иш берүүчү Сапарбекова З.К. "Негизинен студенттер грамматика менен практиканы көбүрөөк айкалыштырса жакшы болмок" - деген пикирин калтырды. НББПнын жаңы варианты менен таанышкандыгын жана колдоорун айтып кетти. Ал киргизилген өзгөрүүлөр стандартка туура келээрин жана практиканын саатын 2-курстан башталышын жакшы деп белгилеп кетти. Иш берүүчү З.Асанбекова - өз сөзундө көп жылдар бою кыргыз тили жана адабияты кафедрасы менен тыгыз мамиледе иштешип келе жатканын жана НБППны талкуулаганга катышып, бул күнгө чейинки адистик боюнча кандай гана өзгөрүүлөр болбосун колдоп келе жаткандыгын белгилеп өттү. Окуткан окутуучуларга ийгиликтерди каалап, ыраазычылыктарын билдирди.