Кесиптик-профилдик практикага жиберүү алдындагы конференция
2024-жылдын 26-сентябрь күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинде 550300 Филологиялык билим берүү багытында окуп жаткан ФББ(КТ)маг-1-23 тайпасынын магистранттарын окуу планына ылайык илимий-педагогикалык практикасын өтөө үчүн 2024-жылдын 30-сентябрынан 26-октябрга чейин 4 жумалык мөөнөткө, ал эми бакалавр багыты боюнча окуп жаткан КТ-1-21 тайпасынын студенттерин 30-сентябрдан 14-декабрга чейин 11 жумалык мөөнөткө кесиптик-профилдик практикасына жиберүү алдындагы конференция уюштурулуп, өткөрүлдү. Аталган конференцияга кафедрадан бекитилген илимий жана усулдук жетекчилери, карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы З.С.Калыбекова, жана студент, магистранттар катышышты. Жыйындын жүрүшүндө кафедра башчы И.Абдувалиев практиканы өтөөдөгү кафедранын байланышы жөнүндө маалымат берип, студент, магистранттарга бул практиканын максат, милдеттери жөнүндө айтып өттү. Мындан сырткары практика жетекчилери тарабынан да усулдук кеп-кеңештер айтылды жана конференция ийгиликтүү аяктады.