1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

8 месяцев назад

123

Китеп – байлык издегенин табышсын, студенттер билим менен жарышсын

КР Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комисссиясы тарабынан уюштурулуп жаткан республикалык ЖОЖдор арасында өтүүчү студенттердин “БИЛГИ” билим таймашы старт алды. Байге фонду 1 000 000 сом болгон бул интеллектуалдык жарыш жаштарды билимге шыктандыруу, китеп окуу маданиятын жайылтуу жана кыргыз тилинин өнүгүүсүнө салым кошуу максатында, КРнын Президентинин колдоосу менен өтүп жатат.  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу А.Р.Шерипбаев жетектеген Кт-1-22 жана Кт-1-21тайпасынын  кыздары  Жалалова Чынаргүл, Карыпбаева Таңсулуу, Махаммадкосим кызы Асия, Сабарбоева Үпөл, Сапарова Эркинайлар окуу жайдын намысын коргоп, “Кут билим” аталышындагы топ курашып, 23-май күнү С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин “Жалындуу жаштар” тобу менен таймашка чыгышты. Биринчи айлампанын шарты менен беттеш “Авторлор”, “Каармандар”, “Эң алгачкы”, “Тил билги” аталышындагы 4 баскычтардан турду. Жыйынтыгында каршылаш топ -1 упай, ал эми  биздин окуу жай  5 упай эсеби менен алдыга оозуп чыгып жеңишке жетип, ийгилик жаратышты. Ошентип биздин топ кийинки айлампага өттү. Мындан кийники турларда дагы жеңишке жетерине ишеним билдирип, ийгилик каалайбыз.