1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

8 месяцев назад

1305

Ар бир кесип ардактуу да, маанилүү да ...

Жер бетинде миллиондогон  кесиптин түрлөрү бар, алардын баары адамдын жашоо турмушундагы муктаждыгын канааттандыруу үчүн пайда болгон, демек кесиптин жакшысы же жаманы, чоңу же кичинеси болбойт, ошондуктан ар бир кесип ардактуу  жана маанилүү.  Кесип  тандоо олуттуу жана  оор иш. Адам өмүрүнүн үчтөн эки бөлүгүн  тандаган кесибинин коштоосунда өткөрөт, туура тандалган кесип адамды асылдандырат, кубаттандырат, кадырлуу, барктуу инсандардын катарына кошот...

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын ага окутуучусу А.Шерипбаев 24-апрель күнү Ала-Бука районундагы №9 Токтосун Жоробаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде болуп, 9-11-класстардын окуучулары менен жолугушуп, кесипке багыт берүү боюнча баарлашты жана Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун мүмкүнчүлүктөрү, адистиктери жана колледждердеги кесиптер боюнча да кеңири маалымат берип кайтты.

         2024-жылдын 15-май күнү кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценттери: А.Кадырова, Г.Бакирова, Г.Көчөрова  С.Атабеков айыл өкмөтүндө жайгашкан Б.Шамшиев, С.Атабеков атындагы  жалпы билим берүүчү орто мектеп-мекемелеринде жана Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүндөгү №35 Комсомол  орто мектебинин  тогузунчу, он биринчи классты аяктап, кесипкөй адисти даярдоочу окуу жайларды тандап, кайсы кесип өзгөчө деп турган окуучулар менен  “Ар бир кесип ардактуу жана ар бир кесип маанилүү” деген темада баарлашып келишти.

         Бүтүрүүчүлөр кесип тандоого кайдыгер эмес экенине күбө  болдук. Кай бири ата-энесинин  кесибин улантууну максат кылса, кай бири бир топ жылдардан бери идеал туткан адамдардын таасиринен улам кесип тандап турганын сыймыктануу менен айтып беришти, кай бири шартына карап, өндүрүштө иштеп каларын да жашырбады. Көпчүлүгү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине бюджеттик  негизде окууга  “өтүп калсам, стипендия алсам” деп  таттуу  ойго  чөмүлүп да кетишти.

         Ийгиликтин формуласынын бири  кесипти  туура тандоо экенине ынанышты, учурда экиден-үчтөн  окуу жайды бүтүрүп, дипломдорунун сандыкка катылып жатканы  трагедия эмеспи дешти. Ошентип жалпы бүтүрүүчүлөргө туура кесип тандоо менен бирге ийгиликтерди кааладык.