ЖАМУнун 100 жылдыгына арналган чыгармачыл иш сапары
Үстүбүздөгү жылдын 22-23-майында Өзбекстан Республикасынын Андижан областынын Педагогдорго жаңы методдорду үйрөтүү улуттук борборунун директору профессор М.А.Абдуллаеванын Кыргыз Республикасынын Б. Осмонов ат. ЖАМУнун ректору профессор К.Усеновго жиберген (№111, 22.05. 2024-жыл) чакыруу катынын негизинде ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору, РТИАсынын академиги, М.И.Мирзахидова Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарындагы мугалимдерди билимин өркүндөтүү борборунда кызмат сапарында болду. Андижан облусундагы жалпы билим берүүчү мекемелердин өзбек тили жана адабияты, немис тили жана адабияты, англис тили жана адабияты мугалимдерине “Сабак берүүдө жаңы технологиялардан пайдалануу ыкмалары” темасында баяндама жасады.
Баяндамадан кийин мугалимдердин жана борбордун жетекчилери жана окутуучу-профессордук курамынын катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столдо проф. М.И.Мирзахидова Б.Осмонов атындагы ЖАМУ, анын басып өткөн жолу, 100 жылдык тоюна болуп жаткан даярдыктар ж.б. жөнүндө кеңири маалымат берди. Андан соң Андижан мамлекеттик университетинин докторанттарына “Илимий макаланы жазуунун усул-ыкмалары” темасы боюнча баяндама жасады. Илимий теманы тандоо, анын мазмунун түзүү боюнча кеп-кеңештерди берди.
Борбордун жетекчилери тарабынан профессор М.И.Мирзахидованын сабактары жогорку деңгээлде өтүлгөндүгү белгиленип, ыраазычылык билдирилди.