«Филологиянын актуалдуу проблемалары» илимий-практикалык конференция
Ренессанс таалим университетинин филология кафедрасы чет элдик окумуштуулардын катышуусунда “Филологиянын актуалдуу маселелери” деген темада республикалык илимий-практикалык конференция уюштурду.
Бул конференция Өзбекстан Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 20-октябрындагы № ПФ-6084 «Өзбек тилин мындан ары өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын негизинде өткөрүлүп, конференцияны уюштурууда Б. Осмонов атындагы ЖАМУ да чоң салымын кошту. Конференция, ошондой эле, тилчи окумуштуу Абдували Бердиалиевдин жаркын элесине арналды.
Конференциянын пленардык бөлүгүндө илимпоздор, атап айтканда, Б.Осмонов ат. ЖАМУнун профессору, РТИАсынын академиги, филология илимдеринин доктору, М.И. Мирзахидова «Түрк тилдеринин морфологиясындагы актуалдуу проблемалар», Өзбекстан-Тажикстан достук коомунун төрагасынын орун басары, т.и.д., профессор Усмонзада Аюб Ислам «Тажик жана өзбек элдеринин маданий кызматташтыгынын жаңы аспектилери», Казакстан Республикасы Ж. Ташенев ат. университеттин ректору, т.и.д., профессор К.С.Байбулов «Ренессанс таалим университети менен Казакстандын университеттеринин кызматташтыгы жана келечеги жөнүндө», Жогорку билим берүү, илим жана инновация министринин руханий-агартуу иштеринин жогорулатуу, мамлекеттик тил мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо маселелери боюнча кеңешчиси И. Султан, Ренессанс таалим университетинин профессору, ф. и. д. Л.Р. Раупова, Өзбекстан Улуттук университетинин профессору, ф.и.д. Р.Р. Сайфуллаева, Ташкент мамлекеттик Чыгыш таануу университетинин профессору, ф.и.д. профессор Б. Тухлиев ж. б. атактуу илимпоздор баяндама жасашты. Конференциянын 2-бөлүгү секциялык иштерде (6-секция) улантылды. Окумуштуулардын лекциялары кызуу талкууларды жаратты. Конференциянын соңунда катышуучулар конференцияга карата өз ой-пикирлерин, сунуштарын айтышты.
Белгилей кетчү жагы ушул конференцияны уюштуруучуларынан бири Б.Осмонов атындагы ЖАМУ бир жылдан ашуун мезгилде Ренессанс таалим университети менен илим жаатында алакаларды уюштуруп, бир катар вебинар, жолугушуулар өткөрүп келе жатат.