Филология илимдеринин доктору, профессор М.И.Мирзахидова мектеп бүтүрүүчүлөрү менен жолугушууда
2024-жылдын 15-май күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору, филология илимдеринин доктору, Россия табигый илимдер академиясынын академиги М.И.Мирзахидова Жалал-Абад шаарынын А. Усман атындагы №7 жалпы билим берүүчү мектептин бүтүрүүчүлөрү менен жолукту. Бүтүрүүчүлөргө 100 жылдык тарыхы бар Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети жөнүндө кеңири маалымат берди. ЖАМУнун тарыхы, өсүп өнүгүү жолу жана келечеги жөнүндө баяндама жасады. Баяндамадан соң бүтүрүүчүлөрдү кызыктырган суроолоруна жооп берди.