1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

8 месяцев назад

119

Практикалардын жыйынтыгы

2024-жылдын 13-май күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинин КТ-1-21 жана КТс-1-20 тайпаларынын кесиптик-базалык, ФББ(КТ)маг-1-22 тайпасынын илим-изилдөө ишинин практикаларынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Аталган конференцияга карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, кафедрадан бөлүнгөн практика жетекчилери катышышты. Жыйындын жүрүшүндө практика тууралуу усулчулар тарабынан түрдүү пикирлер, сунуштар айтылды жана студенттер  бөлүнгөн мекемелеринде аткарган  окуу-тарбиялык иштери жөнүндө сүйлөп беришти. Ал эми магистранттардын жыйынында квалификациялык иштери тууралуу сөз болуп, илим-изилдөө иштериндеги маселелер тууралуу кеп козголду. Сөз аягында магистрдик илимий иштеринин бүткөнүн белгилешип, алдыдагы коргоого ийгилик каалашты. Жыйынтыгында студенттер практиканын кийинки жылы иш алып баруусуна чоң өбөлгө экенин белгилеп,  окутуучулар жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.