1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

11 часов назад

9

“БИЛГИ” интеллектуалдык теледолбоорунун 2-айлампасы ЖАМУнун командасынын жеңиши менен аяктады

2026-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (УТРК) жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан республикалык жогорку окуу жайлар (ЖОЖдор) арасында уюштурулган студенттердин “БИЛГИ” интеллектуалдык теледолбоорунун 2-айлампасы болуп өттү.

Кызыктуу жана курч мүнөздө өткөн таймашта Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) “Кут билим” командасы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясынын “Акыйкат” командасы менен күч сынашты. Тартыштуу өткөн интеллектуалдык беттеште ЖАМУнун билимдүү жаштары атаандаштарын 13,5:10 эсебинде ишенимдүү утуп, кийинки баскычка жолдомо алышты.

Бул теледолбоор студенттердин мамлекеттик тилди терең билүүсүн, логикалык ой жүгүртүүсүн, тапкычтыгын жана жалпы кругозорун өнүктүрүүгө, ошондой эле ЖОЖдор ортосундагы достук жана атаандаштык чөйрөнү чыңдоого багытталган.