1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

8 месяцев назад

87

Бүтүрүүчүлөрдөн сурамжылоо алуу

2024-жылдын 30-апрель күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинин 2022-2023-окуу жылындагы КТс-1-18, КТ-1-19 тайпасынын бүтүрүүчүлөрү жана 2023-2024-окуу жылынын КТ-1-20 тайпасынын 4-курсунун студенттери үчүн сурамжылоо өткөрүлдү.

Сурамжылоонун максаты: студенттер окуу жайдын билим берүү сапаты, материалдык-техникалык базасы боюнча өз сунуш-пикирлерин билдирет жана окуу жайдын ар тараптан өсүп-өнүгүшүнө, салым кошушат. Берилген суроолорго бүтүрүүчүлөр электрондук вариантта жоопторду жазышты.

Мындай иш аракеттердин негизинде ар бир студенттин сунуш пикирин эске алып, кемчиликтерди жое алабыз. Андан сырткары артыкчылыктуу тармактарыбызды мындан ары да өнүктүрүп кафедранын деңгээлин бийиктетебиз - дешет уюштуруучулар.