1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

20

КТ-1-23 тайпасынын студенттери кесиптик-профилдик практикасын жогорку деңгээлде аякташты

Кыргыз тили жана адабияты профилинин КТ-1-23 тайпасынын студенттери алты жумалык мөөнөткө созулган кесиптик-профилдик практикасын ийгиликтүү өтөп келишти. Бул практиканын негизги максаты – студенттердин жогорку окуу жайда алган теориялык билимдерин мектептин реалдуу окуу-тарбия процессинде колдонуу, педагогикалык чеберчиликке үйрөнүү жана мугалимдик кесиптин өзгөчөлүктөрүн терең өздөштүрүү болуп саналат.

Алты жумалык педагогикалык тажрыйбанын жыйынтыгын чыгаруу максатында атайын жыйынтыктоочу конференция уюштурулду. Иш-чарага филология институтунун директору Ч.А. Асылбекова, кафедра башчысы Г.К. Бакирова, ошондой эле усулчу окутуучулар жана студенттер катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө практиканттар алты жума аралыгында аткарган окуу-методикалык жана тарбиялык иштери боюнча кеңири отчет беришип, даярдаган портфолиолорун тааныштырышты. Мындан тышкары, студенттер практика учурунда жүргүзгөн илимий-изилдөө иштерин коргоп, кыргыз тили жана адабияты сабактарын өтүүдө колдонулган заманбап, интерактивдүү методдорду, сабактын жаңыча үлгүлөрүн жана окуучулардын кызыгуусун арттыруучу инновациялык ыкмаларды практика жүзүндө көрсөтүп беришти.

Жыйында өзгөчө белгилеп кетүүчү жагымдуу жагдай филология институтунун директору Ч.А. Асылбекованын студенттер практика өтөгөн мектептердин директорлорунан уккан мактоо сөздөрү жана жылуу пикирлери болду. Мектеп жетекчилери КТ-1-23 тайпасынын студенттеринин жоопкерчилигине, тартибине, сабактарга мыкты даярдануусуна жана окуучулар менен тил табыша билүү маданиятына жогору баа беришип, мыкты кадрларды даярдап жаткан институттун жамаатына ыраазычылык билдиришкен.

Өз кезегинде кафедра башчысы Г.К. Бакирова жана практика жетекчилери студенттердин изденүүчүлүк аракеттерин белгилеп, илимий иштерди коргоодогу жигердүүлүгүнө оң баа беришти. Студенттер да практика учурунда алган баалуу тажрыйбалары, мугалимдик кесипке болгон көз караштары жана мектеп жамаатынан үйрөнгөн усулдук ыкмалары тууралуу ой бөлүшүштү.

Конференциянын соңунда практика жетекчилери жана катышуучулар студенттердин эмгектерине ийгиликтерди каалашып, келечектеги педагогикалык жана илимий ишмердүүлүктөрүндө мындан да чоң жетишкендиктерди багындырууга тилектештигин билдиришти.